Ысык-Көл облусунда инсульт оорусун алдын алуу боюнча акция жүрүүдө

Автор: aizada, декабря 6, 2012

Ысык-Көл облусунда инфаркт, инсульт оруусун алдын алуу боюнча акция жүрүүдө. Ал 3-декабрда башталып 8-декабрда аяктайт дейт .Үй-бүлөөлүк медицина борборунун . ден соолук чыңдоо адиси Эрлан Мукашев.

Бул акция Каракол, Балыкчы шаарларында жана бир канча райондордо өткөрүлүп жатат. “Өз кан басымыңды билип жүр” деген аталыштагы профилактыкалык иш-чара Ысык-Көл облусунда биринчи жолу уюштурулган.

Кан басымын текшерүү үчүн Кыргыз-Швецария долбоору тарабынан 21 электрондук аппарат алынып келинген. Э.Мукашевдин айтымында, бул акциянын алкагында Каракол шаарында гана күнүнө 100дөн ашык адам кан басымын текшертишип, өз ден соолуктарына кам көрүү боюнча кеп-кеңештерди алышууда. “Акыркы мезгилде инсульт оорусуна кабылгандар көбүн эсе жаш өспүрүмдөр болуп жатат. Бул оорунун келип чыгышынын негизги себеби – кан басымдын жогорулашы”, – дейт Э.Мукашев.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.